Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстандын абактарында чет өлкөлүк 360 жаран бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын баары жазасын өтөп бүткөндөн кийин өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте билдирди. Анын айтуусунда, мурда Кыргызстанда кылмыш кылып түрмөгө түшкөн чет өлкөлүк жарандардын түрмөдөн кийинки тагдыры эч кимге белгисиз болчу.

Курсан Асанов ИИМ учурда жаңы күчүнө кирген кодекстердин негизинде жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламентке сунушталып жатканын айтты:

- Бул мыйзамдын негизги мааниси - кылмышы үчүн камалган чет өлкөлүктөрдү жазасын өтөп бүткөндөн кийин сыртка чыгаруу маселеси. Мурда мындай мыйзам жок болчу. Эми чет элдик жаран жазасын өтөп бүтөрүнө бир ай калганда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тиешелүү тараптарга: Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик чек ара кызматына жана Ички иштер министрлигине кабар берет. Ар бир министрлик өзүнө тагылган милдеттерине жараша иш алып барат. Биздин милдетибиз - түрмөдөн чыккан жаранды Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүп беребиз.

Асановдун маалыматы боюнча чет өлкөлүк анын өз эсебинен же аны кабыл алуучу тараптын эсебинен сыртка чыгарылат. Ошол эле учурда бул каражат мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилүүчү учурлар да эске алынган. Бул үчүн алдыңкы беш жылга 2 млн. 467 миң сом каралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG