Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Карамушкина: парламент экс-президенттерге тузак даярдап жатат (видео)


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

13-февралда парламент "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат. КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина бул мыйзам долбоору кийинки экс-президенттерге залакасын тийгизет деген пикирин айтты:

- Түшүнүп жатасыңарбы? Азыр бул мыйзам долбоору менен экс-президентке тузак даярдап жатасыңар. Бул мыйзам кимге жазылып жатканын билбейм. Мында Баш мыйзамдын нормалары бузулуп жатат. Мен президенттин кол тийбестигин эмес, айрым жеңилдиктерди гана алып салууга макулмун. Кол тийбестиги жок президент бай, күчтүү кландардын куурчагы болуп калат. Ал өлкөнү реформа кылуудан, коррупция менен күрөшүүдөн коркот. Анткени ал андан кийин күчтүү клан келип каларын билет же кландарды келтирбеш үчүн авторитардык, күчтүү президент болушу керек болот.

2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңеш "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салууну биринчи окууда жактырган. Учурда бул мыйзам долбооруна айрым депутаттар өз сунуштарын киргизүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG