Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Экс-президентке байланыштуу мыйзам боюнча эки депутат кайым айтышты (видео)


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаты Евгения Строкова "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда мурдагы президенттер саясатка аралашкан учурда кол тийбестигинен ажыратуу боюнча сунуш менен макул экенин билдирди. Анын айтымында, айрым учурда экс-президенттер саясатка кийлигишип жатат. "Коомчулукту ар кандай акцияларга үндөгөн экс-президенттер жазаланышы керек" деди депутат.

Ага депутат Асел Кодуранова КСДП партиясынын мүчөсү болуп туруп, экс-президент жөнүндө туура эмес маалымат берүү уят экенин белгилеп, “мурдагы президент эч качан элди митингге чыгууга үндөгөн эмес” деп жооп кайтарды.

Өз кезегинде Строкова өлкөдө эки экс-президент бар экенин эсине салып, Роза Отунбаеванын камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев жөнүндө айткандарын мисалга тартты. Ал экс-президенттер саясатка аралашкан учурда башка саясатчылар менен тең укуктуу болушу керек деп эсептейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG