Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Парламент экс-президентке байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

13-февралда Жогорку Кеңеш "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салуу боюнча бир нече сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда жактырды.

Парламенттеги катталган 102 депутаттын 94ү макул, сегизи каршы чыкты.

Экинчи окууда демилгечилер айрым беренелерди жокко чыгарууну сунуш кылып, ал эми айрым депутаттар экс-президентти жоопко тартуунун жол-жоболору боюнча жаңы сунуштарды киргизишти.

Буга чейин аталган мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, экс-президент кол тийбестикке ээ деген 12-берене Конституцияга каршы келерин тапкан. Бирок ал экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу учурдагы президентке импичмент жарыялоо жол-жобосунан жеңил болбошу керек деп, бул боюнча өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG