Америкалык сот арачылар мексикалык чуулгандуу баңгизат төбөлү, Эл-Чапо деген атка конгон Хоакин Гусманды ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табышты.
Ага баңгизаттарды таратуу, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү жана арам акчаны адалдоо сыяктуу баш-аягы 10 берене менен айып коюлган. Прокурорлор Эл-Чапо көзөмөлдөгөн "Синалоа" аттуу кылмыштуу картелди АКШга баңгизат жеткирген негизги кылмыштуу топ деп табышты.
Сот арачыларынын "күнөөлүү" деген чечими Нью-Йорктогу федералдык сотто шейшемби күнү жарыяланды. 61 жаштагы кылмыш төбөлүнө акыркы өкүм июнь айында угузулмакчы. Ал өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Бирок Эл-Чапо буга чейин бир нече жолу соттолуп, кеминде эки жолу Мексикадагы мыкты кайтаруудагы түрмөлөрдөн качып чыккан. 2001-жылы ал күзөтчүлөргө пара берип, кир кийим салынган кутуга жашынып качса, 2015-жылы түрмөнүн алдындагы атайын ал үчүн казылган бир жарым чакырымдык туннел аркылуу изин жашырып кеткен. Бирок 2016-жылы кайра колго түшүп, АКШга экстрадицияланган.