"Салам Медиа" "Интерньюстун" "МедиаК" долбоорунун алкагында видео эфирлерин онлайн түрүндө көрсөтөт.
"Салам Медианын" онлайн көрсөтүүлөрү "Youtube" порталындагы баракчасы аркылуу таралат.
"Салам Медианын" жетекчиси Улукбү Амированын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ушул тапта медиа жаңы форматта иш алып барыш үчүн жаңы заманбап техника менен жабдылууда. Техниканы "Интерньюс-Кыргызстан" уюму берген.
"Салам" радиосу алгачкы жолу 2000-жылы обого чыккан. Радио жергиликтүү жаштардын демилгеси менен "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун колдоосунда түзүлгөн. 2018-жылы сентябрда "Салам Медиа" болуп өзгөртүлгөн. 15 жылдан ашык мезгилден бери "Азаттык" радиосу менен өнөктөш катары кызматташып келатат. (JsA)