Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Орусияда Коррупцияга каршы күрөшкөн активистти өлтүрө сабап кетишти


Орус полициясынын кызматкери чогулган элди карап турат.
Орус полициясынын кызматкери чогулган элди карап турат.

12-февралга караган түнү Подмосковьенин Виноградово айылында белгисиз бирөөлөр Коррупцияга каршы борбордун аймактык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Грибовду сабап кетишкен. Ал алган жараатынын ооруканада көз жумду.

Москва облусунун Тергөө комитетинин билдиргенине караганда, активистке беткапчан эки киши кол салган. Алдын ала божомолго караганда, аны таяк менен сабашкан. Ага кол салгандар кокустан бирөө чыга калган маалда качып кетишен. Алар эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз.

Грибовдун санаалашы Виктор Костроминдин Daily Storm басылмасына айтканына караганда, активист буга чейинки сабалганы боюнча сотто өз укугун коргоп жүргөн. Эки жыл мурда аны үч киши тепкилеп кеткен. Активист кылмыш ишин ачуудан баш тарткан полиция кызматкерлерин бир нече жолу сотко берген. Акыры өзүн тепкилегенге катышкан бир кишиге кылмыш ишин ачтырууга жетишкен. 11-февралда биринчи сот процесси өткөн.

Коррупцияга каршы борбор 2006-жылдан бери иштейт. Орусиянын ар кайсы аймактарында уюмдун 44 өкүлчүлүгү бар. Уюмдун башкы максаты - коррупцияга каршы күрөштө мамлекет менен бирге кызматташуу.

XS
SM
MD
LG