Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана анын кесепеттерин жоюу, оңдоп-түзөөгө кеткен 386 млн. доллар каражатты териштирүү боюнча маалымат угулат. Анда ушул маселени иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы, Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу сөз болот.
Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылдын январында болгон авариянын жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.
Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.
Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбай калганын айткан. Натайжада ЖЭБге байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, өкмөт башчылар баш болгон 15тей аткаминер, кызматкер камалган. (КЕ)