Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Жамшитов: Элдин акчасын уурдагандар мыйзам чегинде жооп берет (видео)


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жогорку Кеңеште депутаттарга берген маалыматы боюнча, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлкү изделип жатат.

Алардын башка бирөөлөргө жазылган же офшордук аймактарда мүлкү бары-жогун, банк эсептерин текшерүү боюнча иштер жүрүп жатат. Башкы прокурор Калыс-Ордо мектеби курулганы кабарланган 2 млн. доллар ТВЕА тарабынан эки мектептин курулушуна берилгенин белгиледи. Маалымат боюнча бир гана мектеп курулуп, натыйжада мамлекетке 94 млн 860 миң сом зыян келтирилген.

Депутат Дастан Бекешев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сот иши ачык болсун деген каалоосун айтты. Башкы прокурор ага жооп берип, кылмыш иши жашыруун эмес экенин, аны элге ачык же жабык өткөрүүнү сот чечерин маалымдады.

Парламент бүгүн ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG