Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандагы диний уюмдар менен бирге Конфессия аралык мамлекеттик кеңештин курамын кеңейтип түзүүнү көздөп жатат.
Учурда бул сунуш президенттик аппараттын кароосунда экенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башкы адиси Замирбек Турсунбеков билдирди.
- Быйыл атайын жумушчу топ түзүлөт жана ал кеңешке Кыргызстандагы ири конфессиялардын өкүлдөрү кирет, - деди ал.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний уюмдар жана диний объектилер көбөйгөн. 1990-жылдардын башында ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер эле болсо, учурда 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объектилер бар.
Кийинки жылдары адамдардын диний ишениминен улам мүрзөдөн жер бербей коюу сыяктуу окуялар катталып келет. (SE)