Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Ошто жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейcмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 14-февралда, саат 6:28де катталды, күчү очогунда 4 баллды түздү.

Ал эми Кара-Суу районунун Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында - 4 балл, Папан, Алга-Бас, , Кызыл-Туу, Бек-Жар, Каблан-Көл жана башка айылдарында - 3,5 балл, Алай районунун борборунда жана Чайчы, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Мурдаш жана башка айылдарда- 3 балл болду.

Баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн кыйроо жана жапа чеккендер жок.

2008-жылы 5-октябрда Алай районунун Нура кыштагында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG