Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Ноокенде Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы белгиленди


Дооронбек Садырбаев.
Дооронбек Садырбаев.

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракеси 13-февралда өзү туулуп өскөн Ноокен районунда белгиленди.

Район борборундагы иш-чара учурунда «Ноокен районунун баатырлары» аллеясында жайгашкан Садырбаевдин бюстуна гүлчамбарлар коюлду. Акимчиликтин жыйындар залында ага таандык «Айылыма», «Кимибизден» чыгармалары аткарылды. Салтанатка Ноокен районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Садырбаевдин туугандары катышты.

Коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болсо быйыл 80 жашка толмок. Анын ысымы Ноокендин Масы айыл аймагындагы көчөгө, Бүргөндү айыл аймагындагы №33 мектепке ыйгарылган. Ошондой эле, А.Кулумбетов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музейде Садырбаевдин эмгектери жана буюм-тайымдары коюлган.

Айтылуу кинорежиссёр, акын жана жазуучу, коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG