Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Жамшитов: ЖЭБдеги коррупцияга экс-президенттин тиешесине укуктук баа берилет (видео)


Экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Бул кылмыш иши боюнча экс-президенттин орду тууралуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн парламентте депутат Алмаз Токторовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди:

- "Коррупция" беренеси боюнча Исаковго уюштуруучу деген айып тагылган. Анын экс-президент менен жазышкан каттары бар. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келгендиктен, "Коррупция" беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Тергөө тобу ага өзүнчө укуктук баа берет.

Башкы прокуратура Сапар Исаковду "Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияны уюштурган" деп айыптоодо. Бул боюнча сураган депутат Алмаз Токторов: "Коррупциянын башында ким турган? "Исаков жетекчиликке жагынуу максатында коррупцияга барган" деп айтып жатасыздар. Экс-президенттин тиешеси жокпу, ага укуктук баа берилбейби?" деген суроо койгон.

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тиешелүү кызматкерлери менен кошо Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берип жатат.

13-февралда Жогорку Кеңеш "Экс-президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салуу боюнча бир нече сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда жактырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG