Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Улуттук спорт дирекциясын Айбек Ажигулов жетектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айбек Ажигулов эмгек жамаатына 14-февралда тааныштырылды. Иш-чарага Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов катышты. Айбек Ажигулов бул кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалды.

Айбек Ажигулов 54 жашта. Мурда ички иштер тармагында иштеген. 2017-жылы Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектебинде жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Улуттук спорт дирекциясын буга чейин Токсонбай Асанов жетектеген. Ал жакында башка ишке которулганы үчүн кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG