Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Тажикстанда аялдардын президенттик шайлоого катышуусуна аткаминер каршы чыкты


Махбуба Азимова.
Махбуба Азимова.

Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Махбуба Азимова кийинки президенттик шайлоодо аялдардын талапкерлигин коюшуна каршы экенин билдирди.

- Бизге эмне жетишпейт? Биз эл тарабынан шайланган, эң татыктуу улут көсөмүнө чакырык ташташыбыз керекпи? - деп жооп берди шаршемби күнү Азимова аялдардын шайлоого катышуусу тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматынын суроосуна.

Ал «тажик аялдары коомдогу аялдардын ролун жогорулаткандыгы үчүн мамлекет башчы Эмомали Рахмонго чексиз ыраазы болушу керек» деп кошумчалады.

Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтүшү керек. Өлкөнүн мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул шайлоого президент Эмомали Рахмон да, анын уулу Рустам Рахмон да катыша алат.

2013-жылдагы президенттик шайлоого аял талапкер катары катышуу аракети майнапсыз аяктаган укук коргоочу Ойнихол Бобоназарова Азимованын айткандарын бардык тажик аялдарын кемсинткен билдирүү катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG