15-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23; күндүз -7…-12 градус болот.
15-февралда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° болот.