Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Конституциялык палата: Чет элдик уюмдар курорттук ишканаларга ээлик кыла албайт


Конституциялык палата.
Конституциялык палата.

Конституциялык палата Жер кодексинин 11-беренеси боюнча ишти карагандан кийин 13-февралда ушундай чечим чыгарды. Ага ылайык, Жер кодексинде "чет өлкөлүк уюм же ишкана" түшүнүгү чет өлкөдө түптөлүп, катталган гана ишканалар эмес, чет өлкөлүктөрдүн катышы менен Кыргызстанда түптөлүп катталган ишканаларга да тиешелүү. Чечимде жер кыргыз элинин негизги жашоосу менен ишмердигинин негизи болгондуктан, мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынганы белгиленип, чет өлкөлүк ишканалар жерге ээлик кылышына тыюу мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо максатында киргизилгени айтылган.

Конституциялык палата 13-февралда "Оптима банктын" Ысык-Көлдөгү бөлүмү менен жергиликтүү тургундун мүлк талашы боюнча Ысык-Көлдөгү район аралык сотунун өтүнүчүн караган. Анда "Аталган банктан насыя акча алып, аны төлөй албаганы үчүн жергиликтүү тургун күрөөгө койгон эс алуу үйүнө "Оптима банк" ээлик кыла алабы?" деген суроо берилген.

Конституциялык палата "Оптима банк" чет өлкөлүк ишкана болуп эсептелгендиктен, күрөөгө коюлган мүлккө Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ал үчүнчү тарапка сатылганга чейин убактылуу пайдалануу укугуна гана ээ экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG