Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Тажикстанда баптист чиркөөсүнүн жылнаамалары өрттөлдү


Тажикстан. Душанбеде баптист чиркөөсүнүн мыйзамсыз материалдары жок кылынганы айтылды. 14-февраль, 2019-жыл. Сүрөт Тажикстандын Бажы кызматына таандык.
Тажикстан. Душанбеде баптист чиркөөсүнүн мыйзамсыз материалдары жок кылынганы айтылды. 14-февраль, 2019-жыл. Сүрөт Тажикстандын Бажы кызматына таандык.

Тажикстандын Бажы кызматы баптист чиркөөсүнүн буйрутмасы менен өлкөгө алынып келинген 5 миң жылнаама өрттөлгөнүн ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, жылнаамалар Душанбе аэропортунан 2018-жылдын 18-декабрында конфискацияланган.

13-февралда Тажикстанда каттоодон өткөн «Евангелий христиан-баптисттери» аттуу христиан уюмунун өкүлдөрү бийлик алар алып келген жылнаамаларды мыйзамсыз тартып алып, өрттөп салганын билдиришкен. Аларды алып келгени үчүн уюмга 420 доллар айыппул салынган. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, тажик бийлиги өлкөгө алынып келген календарлар Тажикстандагы баптисттердин санынан көп деген жүйө келтиришкен.

Бажы кызматынын өкүлү Рахмонали Рахимзода бул билдирүүлөрдү четке кагып, өлкөнүн Маданият министрлигинин корутундусу боюнча конфискацияланган календарларда жат диний агымдын пропагандасы болгонун айтты.

2009-жылы Тажикстанда кабыл алынган диний агымдар тууралуу мыйзамда исламдын ханафи мазхабы өлкөдөгү салттуу диний агым катары белгиленген.

XS
SM
MD
LG