Орусиянын президенти Владимир Путин уюшкан кылмыш топторунун лидерлери өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тартса жана ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, аларды жазадан бошотууну сунуштады.
Путин мындай демилге менен Мамлекеттик думага кайрылды. Кылмыш кодексине сунушталган тактоолор орус парламентинин расмий сайтына жарыяланды.
Орусия лидери кылмыштуу топторго катышкандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун да сунуш кылды. Анда негизинен уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын 15 жылга, кандайдыр бир операцияларга жетекчилик кылгандарды 20 жылга чейин эркинен ажыратуу камтылган.
Мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмөдө Орусияда уюшкан кылмыштуу топтор коркунучтуу жана оор кылмыштарды жасап, ал эми алардын лидерлери жазадан кутулуп кетип жатканы белгиленген.