Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин кыргыз өкмөтү полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди колдонууга тыюу салуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуш кылган.
Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт. (КЕ)