Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Трамп өзгөчө кырдаал жарыялашы мүмкүн экенин айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп федералдык өкмөттү каржылоо жөнүндө мыйзамга кол коюп, өлкөгө өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн экенин айтты.

Мындай абал Мексика менен чек арага дубал курууга каражат алыш үчүн киргизилет. Бул тууралуу бейшемби күнү Республика партиясынан сенатор Митч Макконел билдирди.

Бул маалыматты Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс да ырастады. “Президент биздин улуу өлкөнү жана чек араны коргош үчүн берген убадасын аткарууда”, - деп жазды ал "Твиттерге".

Буга чейин демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча баштапкы макулдашууга келишкени айтылган. Бул кезектеги шатдаунду – өкмөттүн ишинин токтошун алдын алыш үчүн керек болчу. Анда чек араны тосууга 1,5 млрд. доллар бөлүү мүмкүн экендиги белгиленген. Трамп дубалдын курулушуна 6 млрд. доллардын тегерегинде каражат сурап жатат.

Трамп 25-январда өкмөттүк мекемелер “шатдаундан” кийин, бир айдан ашык убактан соң иштей баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG