Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Помпео: Иран менен соода ирандыктарга гана зыян келтирүүдө


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Иранга соодадан түшкөн каражат Ислам революциясынын сакчыларынын колуна тийип калса, Иран элине зыян алып келет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Жакынкы Чыгыш боюнча Варшавада өткөн конференция учурунда "Эркин Европа/ “Азаттык” радиосундагы маегинде билдирди.

Мамлекеттик катчы АКШга салыштырмалуу Евробиримдик Иран менен “өзөктүк келишимди” жактап чыкканын эске салды. Муну менен ал конференциянын бардык катышуучулары, Евробиримдик, араб өлкөлөрү, Израил айрым пикир келишпестиктерге карабай Тегерандан келген коркунучтарга каршы турууга даяр экенин белгиледи.

- Бул тарыхый окуя. Израил менен арабдар бетме-бет отуруп, Ирандан келген коркунучту талкуулашты. Бул Вашингтондун эмгеги десек туура эмес. Албетте, биз Иран Ислам Республикасы тууралуу өзүбүздүн тынчсыздануубузду билдирип, кооптуу жагдайларды азайтууга күчүбүздү жумшап келгенбиз. Биз муну уланта беребиз. Себеби Иран элинин үнү угулушу керек. Биз азыркы режимдин өзгөрүшүн каалайбыз. Биз анын башкалардай эле мамлекет болушуна тилектешпиз.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Варшадагы конференцияда сүйлөп жатып, Израил араб өлкөлөрү менен бирге Иранга каршы альянс түзүүнү жактай турганын билдирди. Өз кезегинде Помпео Нетаньяху менен жолуккан учурда Тегеранга каршы коалиция түзүү идеясын колдоду.

13-февралда башталган жыйында Иран темасы, анын Жакынкы Чыгыштагы аракеттери көбүрөөк талкууланды. Тегеран буга чейин эле аны "Иранга каршы кастык аракеттердин чогулушу" деп атап, Варшавага кесепети тиерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG