Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан берки аралыкта Кыргызстанда майып балдардын жеке кароочусу катары катталган кишилердин саны 2556 болду.
Министрлик ырастагандай, жеке кароочуга муктаж майып балдардын саны алты миңдин айланасында. Ал эми алардын жеке кароочуларына айлык акы катары бөлүнүүчү каражат февраль айында 14 млн. сомду түздү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке кароочусунун кызматы үчүн акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган. (ZKo)