Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Индияда жанкечти-террорчунун жардыруусунан 44 полиция өкүлү каза болду


Индияда болгон теракт.
Индияда болгон теракт.

Индияда бийлик Кашмир аймагында 14-февралдагы 44 полициянын өмүрүн алган ири терактты иликтей баштады.

Жанкечти-террорчу колго жасалган жардыргыч түзмөк коюлган автобусту күч түзүмдөрүнүн жанына келгенде жардырган.

Ондогон киши жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Жайш-э-Мохаммад" террордук тобу өзүнө алды.

АКШнын Индиядагы элчилиги бул кол салууну айыптап, көңүл айтты. “АКШ терроризм менен күрөшүүдө Индия менен бирге болот жана аны жеңет”, - деп билдирди элчи Кэн Жустер.

XS
SM
MD
LG