Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:49

Илим Карыпбеков КТРКнын башчылыгына кайрадан ат салышат


Илим Карыпбеков.

Илим Карыпбеков Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна кайрадан ат салышат. Буга аны кызматында калтыруу боюнча КТРКнын жамаатынын Байкоочулар кеңешине, Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылуу жибергени негиз болгон.

Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Карыпбеков өзүн түрдүү амалдар менен кызматка кайра келтирбөө аракеттери жүрүп жатканын белгилеп, шайлоого катыштырбоого кызыккан тараптар бар деген пикирин билдирген. Өзү жетектеген эмгек жамаатынын колдоосун аягына чыгарыш үчүн Илим Карыпбеков кийинки ачык шайлоого катышмакчы.

Илим Карыпбеков 2015-жылы КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Кийинчерээк ал Коомдук телеканалдын жетекчилигин шайлоого кайра катышпасын жарыялаган.

Активисттер Илим Карыпбеков жетектеген коомдук телеканал салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланарын белгилеп, бирок өз макамына жараша иш алып барбай, бир жактуу, бийликтин камчысын чапкан саясат жүргүзөт деп сындап келишет. Карыпбеков өзү мындай пикирлер менен макул эмес. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (33)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG