Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

"Росатомдун" өкүлү Кыргызстандагы уу калдыктары көмүлгөн жерлердин абалына кызыкты


Нарындагы Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.
Нарындагы Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.

Орусиядагы "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын жетекчисинин орун басары Николай Спасский 13-февралда Кыргызстанга келди. Ал Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен жолугушту. Анда уран калдыктары көмүлгөн жерлерди зыянсыздандыруу боюнча кыргыз-орус мамлекет аралык программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматтар боюнча, жолугушууда тараптар Кажы-Сай, Туюк-Суу жана Миң-Куштагы калдык көмүлгөн жерлердин абалы тууралуу сүйлөштү. Ага ылайык, Кажы-Сайдагы иштеп жаткан программа февралда аягына чыгат. Ал эми калгандары дагы улантууну талап кылат. Уран калдыктары көмүлгөн жерлерди зыянсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөргө "Росатом" корпорациясынын радиоактивдүү таштандылар боюнча адиси Олег Крюков менен «Атомредметзолото» акционердик коомунун башкы директору Владимир Верховцев да катышты.

Орусиялык өкүлдөр уран калдыктары көмүлгөн жерлерди зыянсыздандыруу боюнча кеңеш бериш үчүн ушул жылдын апрель-май айларында да Кыргызстанга келүү ниетин билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG