Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Касымбеков: Конституциялык палата кол тийбестик мыйзамын кабыл албай коюшу мүмкүн


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы. Архивдик сүрөт.

Президенттин Конституциялык палатадагы мурунку өкүлү Нурбек Касымбеков "Азаттык" менен болгон маегинде экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбооруна карата оюн айтты. Ал бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо кошумча киргизилген кээ бир сунуштар адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын чектөө менен Конституцияга карама-каршы келерин билдирди:

- Депутат Акылбек Жапаровдун сунушу менен кабыл алынган “экс-президент мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партияны жетектөөгө укугу жок" деген ченемдер Конституциядагы адамдардын укугу тууралуу беренелерге каршы келет. Бул жаңы мыйзам долбоорунда Конституциянын он чакты беренеси бузулуп жатат.

Нурбек Касымбековдун айтымында, Конституциянын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган кезде саясий партияга мүчөлүгүн жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу бардык аракеттерин токтотот. Башкача айтканда, саясий партиянын ишмердигине катышууну токтотуу иштеп жаткан президентке гана тийиштүү. Экс-президентке бул чектөө тийиштүү эмес.

Андан тышкары, Касымбеков экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу жоболорду 2007-жылдын 23-октябрынан тартып колдонуу Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт” деген ченемге каршы келерин кошумчалады. Адис "Экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө" мыйзам долбоорун парламент 2-окуунун режимине кайтарып, Конституцияга ылайык келтирүүгө тийиш жана ал өткөн мезгилге карата колдонулбашы керек деп эсептейт.

Касымбеков эгерде бул мыйзам долбоору ушул бойдон кабыл алынып, ага президент кол койсо жарандар Конституциялык палатага кайрылып, аны жокко чыгартып алышы толук мүмкүн экендигин белгиледи.

13-февралда парламент “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алган.

Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган беш президенттин экөөндө гана - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде экс-президент макамы бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG