Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганынын 30 жылдыгы Ош шаарында да белгиленди. Анда Ооганстандагы согуштук аракеттер учурунда курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Эскерүүдө ооганчы-ардагерлерге Ош шаарынын мэриясы Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан тышкары ушул тапта аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер ооган жеринде интернационалисттик милдетин өтөп жатып курман болгондордун жаркын элесине аскердик урмат көрсөтүп, салтанаттуу марш менен өтүштү. Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.
Иш-чарага шаардык бийлик өкүлдөрү, Ооганстандагы согушунун ардагерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери жана шаар тургундары катышты.
Учурда Ош шаарында Ооганстандагы согуштук аракеттердин 392 ардагери жашайт.(MdN)