Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Январдагы митингдин катышуучулары УКМКга суракка чакырылды


Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.
Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.

Мыйзамсыз миграцияга каршы 17-январда Бишкекте митингге чыккандардын айрымдары 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылган. Бул тууралуу митингди уюштурган "Жети дубан, кырк уруу кыргыз ынтымагы" коомдук кыймылынын өкүлү Кадырбек Үсөнбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Бүгүн биздин уюмдун мүчөлөрү Абдымалик Мырзаев менен Аман Артыковду УКМКга чакырып, алып кирип кетишкен. Мырзаевдин киргенине беш-алты саат болуп калды, эмгиче чыга элек. Белгилеп айтып коелу, биздин уюмдун экс-президент менен эч кандай байланышы жок.

Кадырбек Үсөнбаев митингден кийин уюмдун сегиз мүчөсү кармалып, айыппул төлөп чыгышканын кошумчалап, андан бери да мүчөлөр улам күч органдары тарабынан суракка алынып жатышканын билдирди.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 17-январдагы митингде ташталган чакырыктардын негизинде кылмыш иши козголгонун, анын катышуучулары күбө катары суракка чакырылып жатышканын "Азаттыкка" маалымдады:

- Кылмыш иши козголгон. "Улут аралык кастыкты козутуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштар менен жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге катталган. Ошол кылмыш ишинин алкагында алар күбө катары суракка чакырылган.

7-январда жана 17-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Митингде жалпысынан 21 адам кармалган, алардын баарына Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 91-беренеси ("Тынчтык чогулуштарын өткөрүүнүн тартибин бузуу") боюнча айып тагылып, үч миң сомдон айыппул салынган. Акциянын катышуучуларынын бири эки айга камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG