Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Эсеп палатасы: Токой чарбасында 15 млн. 275 миң сом максатсыз колдонулган


Базар-Коргон. Кыйылган карагайлар. Иллюстрациялык сүрөт.
Базар-Коргон. Кыйылган карагайлар. Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикте 2016-жылы бюджеттик жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында ушундай тыянак чыгарылган.

Аны жүргүзгөн Эсеп палатасы "Азаттыкка" кабарлагандай, анын ичинен 1 млн. 764 миң сом калыбына келтирилген, агенттик дагы 13 млн. 467 миң сомдун ордун толуктоого тийиш. Мындан тышкары, жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык жана жергиликтүү фонддорго 2016-жылы 263,9 млн. сом өлчөмүндө акча келип түшкөн. Республикалык фонддун 2016-жылдын 29-февралындагы чечими менен өлкөдө жети базалык питомник түзүп, аларды Талас, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында уюштурууга жети токой чарбасына 8 млн. 491 миң сом бөлүнгөн.

Аудит жүргүзүлгөнгө чейин 3 млн. 663 миң сом өздөштүрүлгөн эмес, ал эми аудиттин жүрүшүндө фонддун эсебине 2 млн. 747 миң сом кайра кайтарылган. Эсеп палатасы калган 916 миң сом да фонддун эсебине кайтарылууга тийиш экендигин эске салууда. Маалыматта айтылгандай, базалык питомниктерди түзүү тууралуу чечим аткарылбай, максатына жетпей калган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча президентке, өкмөткө, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү тараптарга маалымат жиберилген.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG