Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жана эскертүү берилди


Өкмөттүк жыйын. 15-февраль, 2019-жыл.
Өкмөттүк жыйын. 15-февраль, 2019-жыл.

Буга тиешелүү сунуш өкмөттүк жыйындын жыйынтыгы боюнча киргизилди. Бул тууралуу 15-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык:

Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн:

- Экономика министри Олег Панкратовго;

- Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;

- Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбекке;

- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

- Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага;

- Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.

Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн:

- Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевге;

- Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Болотбек Ибраимжановго;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиевге;

- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

Акыркы убактарда Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген министрлер кабинетинин ишине сын-пикирлер көп айтылып келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG