Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Астанада энелердин нааразылык акциясы уланды


Астанада нааразылык акциясына чыккан энелер. 15-февраль, 2019-жыл.
Астанада нааразылык акциясына чыккан энелер. 15-февраль, 2019-жыл.

15-февралда Астанада жүздөгөн аялдар, негизинен көп балалуу энелер нааразылык акциясын уюштурушту. Алар өткөн жумадагыдай эле бул ирет да "Астана" концерттик залына чогулушту. Аялдар Астананын акими Бахыт Султанов менен жолугушууну талап кылып, чогулушка келген акимдин орун басарын сүйлөтпөй коюшту.

Акыры Астананын акими да келип, энелердин талаптарынын баары каралып жатканын жана буга убакыт зарыл экенин билдирди. Бирок нааразы аялдар анын айткандарына макул болушкан жок.

Көп балалуу энелер өткөн жумадан бери баш калаа Астанада жана Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышууда.

Негизи Казакстанда энелердин нааразылыгы быйыл январда министрдин "төрт балалуу үй-бүлөгө 30 доллар өлчөмүндөгү жөлөкпул жетиштүү" деген билдирүүсүнөн кийин башталган. Буга 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыздын каза тапканы да кошул-ташыл болду.

Казакстанда төрт же андан көп чүрпөсү бар үй-бүлө көп балалуу деп эсептелет. Алтыдан көп бала төрөгөндөргө атайын төш белги ыйгарылып, аларга жөлөкпул да төлөнөт.

Былтыр үй-бүлөнүн кирешеси киши башына 37 долларга жетсе, канча балалуу экенине карабастан, жөлөкпул төлөнбөй калган.

XS
SM
MD
LG