Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Трамп чек арага дубал куруу үчүн өзгөчө кырдаал жарыялай турганын айтты


АКШ президенти Дональд Трамп. 15-февраль, 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп. 15-февраль, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал куруу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялай турганын билдирди.

15-февралда жасаган билдирүүсүндө Трамп мындай чечимди качан кабыл аларын так айткан жок, бирок анын бул кадамы дубал көтөрүүгө көбүрөөк акча тартыш үчүн Конгрессти кыйгап өтүүгө жол ачат.

Конгрессте республикачылар менен демократтардын ортосунда жетишилген соңку макулдашууда чек арага тосмолорду орнотууга Трамп алгач сурагандай, 5,7 миллиард доллар эмес, 1,4 миллиард доллар бөлүп берүү каралган.

Трамп Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алуу үчүн өзүнүн бийлигинен колдонууну пландап жатат.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул үчүн Трамп каражатты Каржы жана Коргонуу министрликтеринин казынасынан алууну боолголоодо.

Ушул айдын башында Трамп Конгрессте жасаган кайрылуусунда ал өзүнүн администрациясынын башкы артыкчылыгы деп эсептелген, бирок демократтар каршы чыккан Мексика менен АКШ ортосунда дубалды көтөрөрүн айткан.

Дубалга байланыштуу демократтар менен республикачылардын ортосундагы талаштын айынан АКШнын федералдык өкмөтүнө 22-декабрдан 25-январга чейин, 35 күн бою каржы бөлүнбөй калган. Америкалыктар атагандай, бул АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун» болду.

XS
SM
MD
LG