Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Ташкенттеги оюн көкпар эрежеси менен өтсө ага Кыргызстан катышпайт


Көк бөрү мелдешинин соңку таймашында Достук (Ош) жана Мурас топторунун беттеши. Чолпон-Ата. 31.08.2017.
Көк бөрү мелдешинин соңку таймашында Достук (Ош) жана Мурас топторунун беттеши. Чолпон-Ата. 31.08.2017.

Быйыл Өзбекстанда көкбөрү боюнча дүйнө чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтө турган болсо, Кыргызстан ага катышпайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн журналисттерге билдирди.

- Ташкенттеги чемпионат көкпар эрежелери боюнча өтө турган болсо Кыргызстан ал оюнга катышпайт - деди Канат Аманкулов.

Белгилей кетсек, 14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу чечимин кабыл алышкан. Тогуз өлкөнүн сегизинин макулдугу менен эл аралык турнирлер мындан ары Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен ойноло турганы айтылган.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Жыргалбек Саматов Өзбекстандагы дүйнө чемпионатын көкбөрү оюнунун эрежеси менен өткөрүү пландалып жатканын билдирди. (GT)

XS
SM
MD
LG