Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

ДКО-2020: Түркиядагы оюн көкбөрүнүн эрежеси боюнча өтөт


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Түркияда IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында мелдештер көкпар эмес, көкбөрүнүн эрежеси менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттерге Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

- Түркия мамлекети менен IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү тууралуу келишим түзүү алдында турабыз. Биздин эң негизги талабыбыз, кыргыздын улуттук оюндарын Кыргызстандын эрежеси менен өткөрүү. Анын ичинде көкбөрү да бар, - деди Канат Аманкулов.

Аманкулов Түркия IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Кыргызстан менен тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады. Андан сырткары Кыргызстандын ичинде да кичи көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда.

- Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда жок болуп кетпеши үчүн быйыл Талас облусунда кичи көчмөндөр оюндары өтөт. Кыргыз улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү программасынын алкагында мындан ары жыл сайын ар бир облуста кичи көчмөндөр оюндары өтүп турмакчы, – деди Канат Аманкулов.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG