Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:36

Орусияда Немцовду эскерүү маршын өткөрүүгө уруксат берилген жок


Борис Немцовду эскерүү.
Борис Немцовду эскерүү.

Орусияда Борис Немцовду эскерүү маршын өткөрүүгө тыюу салынды. Санкт-Петербург шаарынын бийлиги жөө жүрүшкө уруксат бербей койгонун бүгүн 16-февралда “Протест” оппозициялык кыймылы билдирди.

Шаардын борбордук бөлүгүндө жүрүш өткөрүүнүн ордуна ал жерден беш чакырым аралыктагы парктардын биринде акция уюштурса болору айтылды.

Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский бийликтин мындай жообун “мазактоо” деп атады.

Оппозиционер саясатчы Борис Немцовду төрт жыл мурда 27-февралда көчөдөн өлтүрүп кетишкен. Бул үчүн беш адам соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG