Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Маалымат технологиялары, механика жана оптика илим изилдөөчү университетинин чатыры кыйрады. Уранды алдында 20дай киши болушу мүмкүн. Окуя сабак учурунда болгон.
Алтымыштай студент жана окутуучу эвакуацияланды. Айрымдары эшикти ача албай имаратта калганы айтылууда.
"Интерфакс" кыйроо ремонт болуп жаткан корпуста болгонун кабарлады. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо болгонун ырастап, курмандыктар тууралуу маалымат бере элек. (BCh)