Ысык-Көлдүн Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү талкаланган эстеликтер оңдолуп жатат. Бул тууралуу бүгүн 17-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага комиссиянын, облустук казыяттын жана православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышып, диний кастыкка жана козутууларга жол бербөө керектигин белгилешти.
Быйыл 11-январдын кечинде белгисиз бирөөлөр Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар жер.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.(RK)