Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Германия Евробиримдиктин Орусия менен алакасын таптакыр үзүүсүнө каршы


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Германиянын канцлери Ангела Меркель расмий Берлин Орусияга карата Крымды аннексиялап алганы үчүн киргизилген санкцияларды дагы эле колдой турганын билдирди жана ошол эле учурда Донбасста тынчтык орнотуу аракеттерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мюнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда сүйлөп жатып Меркель Евробиримдик менен Москванын ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштардын үзүлүшүнө каршы экенин айтып, Орусияны Европадагы жаратылыш газ базарына жолотпоо демилгелерин “саясий жактан туура эмес” деп баалады жана Орусия бул тармакта толугу бойдон Кытай жакка ооп кетсе Европага пайда болбосун кошумчалады:

- Орусиянын газынын молекуласы – бул орусиялык газдын молекуласы. Ал Украина аркылуу келдиби же Балтика деңизи аркылуубу, Орусиянын газынан биз канчалык көз каранды экенибизге кайсы куур колдонулганы боюнча эле жооп берүү мүмкүн эмес. Эч ким Орусиянын көзүн карап отургусу келбейт, бирок анын газ базарына биз да катышкыбыз келет.

“Түндүк агым - 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет. Орусиянын газын Германияга түз жеткире ала турган бул долбоорго Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы. (RK)

XS
SM
MD
LG