Орусия Сауд Арабияга С-400 үлгүсүндөгү "Триумф" зениттик-ракеталык системаларын сатуу тууралуу кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн 17-февралда "Рособоронэкспорт" ишканасынын директору Александр Михеев Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде IDEX-2019 курал көргөзмөсүнүн ачылышында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин Орусиядан С-400 комплексин сатып алууну Түркия да пландап жатканы айтылган. НАТОдогу өнөктөшү болгондуктан Вашингтон Анкаранын бул максатын колдобойт.
Индия Орусиядан 5 млрд долларга С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексинен бешти сатып аларын жарыялаган. (RK)