Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

АКШ Евробиримдикти Иранга каршы турууга чакырды


Майк Пенс.
Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Европа Биримдигин Кошмо штаттардын Иранга карата бекем позициясын колдоого чакырды. Бул тууралуу ал Мюнхенде өткөн коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып айтты:

- Биз Ирандын өзөктүк программасы боюнча Мюнхенде да, ага чейин Польшада да ачык талкууларды жүргүздүк. Европадагы өнөктөштөрүбүздү АКШнын Иранга карата санкцияларын үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин токтотууга, келишимден чыгып, Иранды экономикалык жана дипломатиялык изоляцияда калтыруу демилгебизге кошулууга чакырабыз.

Германия, Франция жана Улуу Британия Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден АКШ чыгып кеткенине карабастан Кытай жана Орусия менен бирге аны сактап калууга аракет кылып келе жатышат. Алты держава менен Ирандын ортосунда түзүлгөн келишимден Вашингтон былтыр май айында чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG