Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлаганы кабарланды


Скрипаль жана анын кызы Юлия ууландырылгандан кийин британ адистери алардын үйүндө. Март, 2018-жыл.
Скрипаль жана анын кызы Юлия ууландырылгандан кийин британ адистери алардын үйүндө. Март, 2018-жыл.

ГРУнун мурдагы полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага керектүү жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу британиялык "The Sunday Times" басылмасы британ атайын кызматындагы өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.

Дарыгерлердин пикиринде, Скрипаль ууландырылган “Новичок” химиялык заты организмден чыгарылгандан кийин да адамга таасир эте бериши мүмкүн.

Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылдын март айында ууландырылган. Британ тергөөчүлөрү билдиргендей, Британияга жасалма документтер менен кирген орусиялык эки чалгын кызматкери Скрипалдын үйүндөгү эшиктин туткасына уу коюп кетишкен.

Британиянын Солсбери шаарындагы бул окуядан кийин Москва менен Лондондун алакасы кескин солгундап кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG