Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Өзбекстандан мыйзамсыз ташылган товар кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, товардын жалпы суммасы 500 миң сомдон ашат. Мыйзамсыз товарлар Оштогу "Достук” өткөрмө пунктунан 200 метр алыстыкта, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бөлүп турган тосмо зымдын түбүнөн табылган. Мүшөктө Өзбекстанда пахтадан согулуп, тигилген көйнөктөр болгон. Жүктүн ээси табыла элек.

Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөө үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан 2015-жылдан бери Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө. Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG