Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Жол эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күндөн кийин билинет


Бишкек.
Бишкек.

Жол кыймыл эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күн аралыгында гана билинет. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда «Азаттыкка» Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Оторовдун айтымында, маалыматтар «Инфокомдун» базасына, андан соң башкармалыктын Мониторинг борборунун базасына келип түшүп жатат.

- Тартип бузуу жөнүндө кодекс боюнча тартип бузуу тууралуу келип түшкөн бардык кабарлар 10 күндүн ичинде каралып чыгып, юридикалык баа берилгенден кийин гана тартип бузуу болуп эсептелет. Ага чейин тартип бузуу болдубу же жокпу, эч ким айта албайт, - деди башкармалыктын өкүлү.

12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Эреже бузгандар айыппул төлөйт.

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча көпчүлүк айдоочулар бул порталда эреже бузуу фактылары тууралуу маалымат жок экенин айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG