Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

ЖЭБдеги коррупцияга айыпталган сегиз адамдын иши боюнча соттук угуу өтүп жатат


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жыйын жабык өтүп жатат. Жараянга жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок. Айыпталуучулар да сотко имараттын арт жагындагы эшигинен киргизилди.

Бул ишти судья Инара Гилязетдинова карай тургандыгы кабарланган.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана экс-финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Ольга Лавровага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Ал эркиндикте. Ал эми башкаларга коррупция боюнча айып тагылып, камакка алынышкан. Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарын төгүндөп келе жатат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG