Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

"Азаттыктын" кабарчысы КТРК жетекчилигине талапкерлигин койду


КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.
КТРКнын курамындагы телеканалдардын логотиптери коюлган микрофондор. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттыктын" Прага кеңсесинин кызматкери Каарманбек Кулуев КТРКнын жетекчилигине жарыяланган сынакка тиешелүү документтерин арызы менен кошо КТРКнын Байкоочу кеңешине тапшырды. Бул кадамга ал коомдук телеканалдын деңгээлин журналистиканын бардык стандарттары боюнча көтөрүү максаты менен барып жатканын айтты:

- Тиешелүү документтерди ишенимдүү адамым алып барып, Байкоочу кеңешке тапшырды. Медиарыноктогу соңку өзгөрүүлөрдү эске алып, КТРК кыска убакытта өзүнүн приоритеттерин алмаштырууга тийиш. Биринчиден, жаңылык гана эмес, жалпы эле маалыматтарды таратуу смартфондорго көчтү. КТРК бул жагынан артта калды. Экинчиси - журналистика. Кыргызстандагы журналистикага, өзгөчө иликтөө журналистикасына жаңы дем келди. Бул жагынан да КТРК артта. Башкалардан алдыга кетпесе да, тең тайлаша ала тургандай деңгээлге жетиш үчүн Коомдук телеканал "Азаттык", ВВС сыяктуу эл аралык, тажрыйбасы бар маалымат каражаттары менен тереңирээк кызматташуусу керек. Үчүнчүдөн, КТРК Кыргызстандан сырткары аймактарда, кыргызстандык мигранттар көп жүргөн Казакстанда, Орусияда жана Түркияда кабарчылык пункттарын ачышы керек. Мен телеканалдын жетекчилигине өтсөм да, өтпөсөм да, КТРК журналистика жана иликтөөлөр боюнча бир катар маалымат каражаттарынан артта экенин дагы бир сыйра айтып коюуну туура көрдүм.

Коомдук телеканалдын жетекчилигине сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иш мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Карыпбеков өзү да кайра талапкер катары арыз берерин билдирген.

18-февралда саат 17:00дө КТРКнын жетекчилигине талапкерлерден арыз алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болот.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу да КТРКнын жетекчилигине талапкер катары арыз бергенин маалымдаган. Ал буга Коомдук телеканалдын тагдырына кайдыгер карап тура албаганы үчүн бара жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш аны жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

​Коомдук биринчи каналдын курамында азыр алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG