Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, келишимге жетишүү үчүн тараптардын ортосунда 2016-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушул кезге чейин натыйжа чыкпай жатканын Ниязалиев кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоо аракети менен байланыштырды:
- Себеби кыргыз тарап мүмкүн болушунча жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын ушул долбоорго киргизүүнү каалап жатабыз. Катарлыктар “бул бардык башка мамлекеттер менен кол коюлган долбоор, ошондуктан ушул документке кол коёлу” деген сунушун айтып жатышат. Эми бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет.
Ушул тапта кыргызстандыктар Катарга миграция кызматынан лицензия алган бир нече жеке компаниялар аркылуу барып иштеп жатышат. Учурда ал жакта 500 чамалуу кыргызстандык иштейт. Айлык акысы орточо 500 доллардан 3-4 миң долларга чейин болот. Кыргызстандыктар көбүнчө тейлөө тармагында жана медициналык кызмат көрсөтүү жагында иштешет.
3-февралда Тажикстан менен Катар бийлиги атайын эмгек келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, коңшу өлкөнүн жарандары быйылкы жайдан тарта Перс булуңундагы бул өлкөгө мамлекеттин көмөгү менен жумуштарга жөнөтүлүп турат. (MTo/ZKo)