Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Мюнхендеги коопсуздук жыйынына Кыргызстан да катышты


Чыңгыз Айдарбеков Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен. 17-февраль, 2019-жыл. Мюнхен шаары.
Чыңгыз Айдарбеков Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен. 17-февраль, 2019-жыл. Мюнхен шаары.

Мюнхендеги эл аралык коопсуздук жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бир катар мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

16-17-февраль күндөрү Чыңгыз Айдарбеков Лихтенштейн, Филиппин, Армения, Грузия, Словакия, Чехия жана Ирандын тышкы иштер министрлери менен жолугуп, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.

Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык тууралуу сөз болуп, Айдарбеков Кыргызстанда кыргыз-чех бизнес-форумун өткөрүп, ага Чехиянын өнөр жай жана соода министри баштаган парламент депутаттарын чакырууну сунуш кылды.


Ушундай эле маанайдагы сүйлөшүү Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен өттү. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарда кызматташууну тереңдетүүнү, эл аралык уюмдар алкагында биргелешип кызматташууну талкуулашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG