Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

ЖЭБ иши: Айыпталуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч берилди


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын сот иши 27-февралда уланат. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мындан ары бул иш боюнча соттук отурум жумасына бир жолу - шаршемби күндөрү өтүп турат.

Жактоочу "Азаттыкка" билдиргендей, 18-февралдагы сот жараянында жактоочулар айыпталуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү жана кийинки соттук жыйынды ачык кылууну соттон өтүнүштү. Сот бул өтүнүчтү карап көрүш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти. Учурда өтүнүч боюнча соттун чечими күтүлүүдө.

Ушул тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жыйын жабык жүрүп жатат. Жараянга жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок. Айыпталуучулар да сотко имараттын арт жагындагы эшигинен киргизилди.

Бул ишти судья Инара Гилязетдинова карай тургандыгы кабарланган.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана экс-финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарын төгүндөп келе жатат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG