Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

"Марал" радиосунун кызматкери каза болду


Динара Жоробекова.
Динара Жоробекова.

"Марал" радиосу жаш кызматкерин акыркы сапарга узатууда. Радионун PR бөлүмүнүн башчысы Динара Жоробекова 27 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

"Ал биздин кесиптеш катары өз ишин мыкты билген, чыныгы кесипкөй эле. Мүнөзү да жадыраган, жаркылдаган кыз болчу. Ал келечектен көптү үмүттөндүргөн кесиптештерибиздин бири эле" деп жазылды радионун "Фейсбуктагы" расмий баракчасында.

Динара Жоробекова 2016-жылы өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгында СММ менеджер жана ЖМК менен иштешүү бөлүмүн жетектеген.

"Азаттык" радиосу "Маралдын" жалпы жамаатына жана Динаранын үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG